Tasuta

Бир кайрыктар

Tekst
Märgi loetuks
Šrift:Väiksem АаSuurem Aa

Сулуулукту сактаган адам таалайлуу.

Сулуу болуп жаралуу да чоң арман.

Ага баары жаман, жакшы көз салган.

Бирок сулуулук кыргызда унутулбай,

Түбөлүк сулуу бойдон жашап калган.

***

«Таргыл мышык» жомогунун

автору Эркин Борбиевге

«Таргыл мышык» деген жомок бар,

Окуганда окуучуну ойго салаар.

Таргыл мышык мыёлоп турганда,

Эркин агам аны карап кеп кураар.

ДРАМАТУРГ МАР БАЙЖИЕВГЕ

«Төрт адамыңыз» мыкты чыгарма,

Төп келет аныңыз коюлса сахнага.

Мындан башка чыгарма жарапбаса да,

Атыңыз калмак адабияттын бараганда.

Бир адабиятчыга

Көкүрөккө кадап медалды тагынаар,

Кармап көрсөк анын эки жагы бар.

Адабиятчы болгон жылың таалайлуу,

Таалайлуу анан түбөлүккө бактылуу.

Акаев менен иштеген жылың армандуу,

Армандуу эмес ушунчалык азалуу.

ЖАЗУУЧУ АМАН САСПАЕВГЕ

Аңгеменин майын чыгарган,

Адегенде эле классик аталган.

Тамакка салганга «Татым тузу» бар,

Көңүл буруп башкалар караган,

Башынан жакшы асырап келаткан,

Мойнунда алтын каргысы бар,

Эч кимди каппай момун ит,

Бирок чоңдордун жек көргөн жагы бар

Аман агайдын «Сарала ити» бар.

Сарала итти көрө албас, эки буттуу аддар.

Аман агайдай аз жазса да сас жазсын,

«Татым туздан» окуучулар даам татысын.

Кытай тилин үйрөнөм десе,

Анын сөздүгүн окуп алсын.

Кылымдарга «Татым тузду» жазган

Кыскасы Аман агабыз жашасын!

Ар бир үйдө анын китеби орун алсын.

***

Аракка жакын апкынга

Арак деген азгырык,

Айда кел,-дейт жазгырып.

Ашказанга барган соң

Көңүлдү коёт шат кылып.

Таланттын жолун тарытып,

Уруш, чатак каткырык.

Көндүрүп жүрүп акыры,

Көргө коёт жаткырып.

ФРОНТОВИК АКЫН ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВГО

Фронтовик котормочу, дастанчы акын,

«Паризат» менен унутпайбыз анын атын.

Аксия, куудулдук өчпөй калчу өнөр эле,

Ошонусу такыр унутулуп калбасын.



АКЫНЛАР АБДРАСУЛ ЖАНА АЛЫМ

ТОКТОМУШЕВЛЕРГЕ


Бири ыр менен роман жаратып,

Экинчиси «Агымда»курч макала жазып,

Бийликтин шайын оодарып,

Акыры жеп бүттү Акаевди кулатып,

Же көз көргүс, кулак уккус жакка качырып.

Жакшы акын деп, экөөнү эли жактырып.

Токтобой өтөөр далай мезгилдер,

Тарыхта аты калган Токтомушевдер.


АКЫН, КОТОРМОЧУ КЕРРЕЗ РЫСАЛИЕВГЕ

Ичкич дешет Керез акынды,

Ичпей бу дүйнөдө ким калды?

Акындын котормосун урматтайм,

Ак эмгегин эч убакта унутпайм.

Котормочулук бул дүйнөдө ай,азап,

Которгондо тер акты го тамчылап,

Оңой эмес «Фастуга»батынган,

«Иллиаданы» котором деп аттанган.

Ойлоп көрүп ал эрдикке таң калам.

Күнөөлү беле чыны кармап ичкендер,

Эмне эмгек кылды экен ичпегендер.

Эли үчүн эмгек кылбай кеткендер

Ичкен экен Есенин деле бир кезде,

Керезибиз Есенинден кем беле?


БЕКСУЛТАН АБАГА

«Атанын тагдыры» мыкты чыгарма,

Бексултан аба жалгыз ушуну эле жазганда.

Адабияттын алтын барагында аты калмак.

Аты калмак түгүл баатыр кылып таштамак.

Жыйырма бир жашында классианы жаратты,

Бүткүл эли «укмуш экен» деп таң калтты.


Алтын китеп

Китептер болот ар кандай,

Кээ бири акыл айтып бир далай.

Ар дайыма асыл ойлор кетпеген,

Алтын сөздөр асылдана ширелген.


Ошол ойлор китепти баалуу кылат

Ал чыгарма түбөлүккө сакталат.

Атагы анын ай-ааламга таратат

Атадан балага өтүп айтылат.

Ыйлайм

Жетекчинин жеп ичкенин көрүп ыйлайм,

Жаштарга иш жок аны көрүп дагы ыйлайм.

Эл тентиди мен аларды аяп ыйлайм,

Байлар көбөт аларды аяп дагы ыйлайм.


Карыга азап, аларды аяп ыйлайм,

Өлкө карыз муну дагы сезип ыйлайм,

Жазмачылар бул өмүрдө кор болду

Аягында өзүмү-өзүм жеп ыйлайм.

2005-жылдар

Менин журтум

Онтоп күрсүлдөп жаткан үн чыгат,

Жан-дүйнөмүн шайы ооп баратат.

Байлар болсо аркы жакта каткырат,

Саз тарапта бакалардай чардашат.

Сезип турам коркунучтуу элести,

Эмнегендир жакшылыкка жете албай,

Ал онтогон менин журтум эмеспи.

2009-жылдар


Сынчы

Жарым акын, жарым сынчы,

Жарвм прозачы, жарым макалачы.

Баарысын келе жатат шакелдеп,

Азырынча толук чыгармачы боло элек.

АЛТЫН ЖАНА ТАПАНТ

Алтын деген бир адамдын байлыгы,

Китеп деген жалпы журттун байлыгы

Алтын жоготсо ээси гана кайгырат,

Таланттуу өлсө бүткүл эл азаптанат.


Ал экөө тең бул дүйнөдө асыл нерсе,

Адам пенде экөөнө тең ылдам жетсе,

Колуңдагы талантыңы таштап салып,

Алтынга азгырылып сатып кетпе!


Жардылар байыганга кез келсе,

Акын жолу чындык менен эмгекте.

Алтын эмне бир кишинин байлыгы,

Талантың алтыныңан артык нерсе .

***


АДАБИЯТЧЫ СОБЕТБЕК БАЙГАЗИЕВГЕ

Собетбек агабыз жазуучу, сынчы, акын.

Окумуштуу, педагог бүткөрүп баарысын.

Сагынычы ашып инисине кат жазат,

Кыштагын көргөнү ай-сайын аттанат.

Кечөө эле кара чачтуу улан эле,

Айылдан келген кара тоголок бала эле.

«Ушунча бийиктикке кантип жетти- деп,

Ылдам эле көтөрүлүп кетти»– деп

Башты чайкап,кубанап, таң калабыз,

Мактанычты калың элге айтабыз.

Чыгармаларын берилип окуп жатабыз.


Кер жыландын кепшегенинин,

Сур жыландын суусаганын өйдө билет.

Жазгандарын калкына арнап келет.


ЖАЗУУЧУ КАЗАТ АКМАТОВГО

«Күндү айланган жылдар» ай,

Токтоно албай «Мезгил» чубай.

Абабыз «Ыйык журтту»мекендеп,

Чыгармаларын басмага белендеп.


Пайгамбар жаштан ашса да,

Токтоо куракка барса да.

Катуу чыгып таскагы

Кадырлуу сыйлык алды,

Ылдам бүтүп, «Архатты»

Баштап кирди «Матирархатты»,

«Боз улан» бойдон картайбай,

Кайрат күчтөн такыр качпай,

Жалындап жанган жаштык ай!

Казат аба чуңкур жер баспайт,

Ала салып кетем деп

Абдан эле абайлайт.


ЖАЗУУЧУ СУЛТАН РАЕВГЕ

«Ханышанын көз жашы»,

Султандын мыкты чыгармасы.

Ал ханышанын көз жашы эмес,

Кайгырып, кубанып, жатып өнгөн

Кадимки министр, депутат болуп төрөлгөн

Султан палбандын көз жашы.


«Жаштык расподиясынын» автору,

жазуучу Мелис Абакировго

Жакшы экен деп жаштык чак,

Кайрат күчү улам ташкындап.

«Алмалуу бактын» чыкпай ичинен,

Эс алып, арбын жумуш иштеген.

«Чыгармачылык ыйык экен деп,

Таалалйлуу күнгө жетем- деп,

Атым түбөлүккө калат»-деп

Таланты турган желбиреп.

Беттерибиз бырыш басып,

Чачыбыз бүт агарып.

Кагылайын бала чак

Кабагы ачык жаркылдап,

Баардыгы «Алмалуу бакта» калыптыр.

Ал жөнүндө түш көрөбүз,

Ал күнгө эми жетмек кайда?

Эстегенде эмне пайда.

Анан дүйнө дүңүнөн өзгөрүлүп кетти

«Оо, опасыз, опасыз дүйнө ай».

Заман келдикпи ушундай,

Бирок опасыз дүнөгө карабай

Чыгарма жаздык бир далай,

Жазганыбыздын бешик боосу бек болсун,

Баш көтөрбөй окуучубуз окусун!

Анан эле «Алмалуу бактын» ичинен,

«Эл жазуучусу» болуп бирөө төрөлдү.

Ошол кишиге окшошчу Мелис аганын өңү.


Жазуучу «Нан» аңгемесинин автору

Жунай Мавляновго

Көп адам топтошуп турган эле,

Бирөө айтып калды:

– Жунай кандай киши эле?

– Жакшы адам болчу.

– Жакшы адам болчу.

– Жакшы адам эле.

– Жакшы адам эле.

Жакшы адамды жоктоп,

Армандуу добуш оболоп,

Тарап турду теребелге.

Айлана күүгүм кеч эле…

Жакшы адамды жоктоо аянычтуу

Ал ушундай жакшы адам болчу.

Анын ыйык чыгармасы «Нан» эле.

Окулуп келет колдон түшпөй дагы эле.


АКЫН КАКЕН АЛМАЗБЕКОВГО

Тирүүсүндө такыр бааланбай,

Таланты калды такыр каралбай.

Кыргыздар дайым ошондой,

Иш кыла берет ойлонбой.

Тирүүлөрдүн арасында өлгөндөр көп,

Өлгөндөрдүн арасында тирүүлөр көп,

Бийликке жармашып жүргөндөр көп

Алар айтат: «Таланттуу эмес отоо чөп,

Ичкиликти ичине куят өтө көп».

Арамзалар дале жүрөт жармашып,

Далай талантка кишен салышып.

Бирок, өнөр жаңырыкты жаратып,

Тура берет кебелбей обон салып.

Какен кандай адам эле?

Өтсө дагы жашайт элдин эсинде.

«Он сегиз жаш» дайым турса ырдалып,

Өлбөстүктөн ыры турат улам жанып


АДАБИЯТЧЫ АБДЫЛДАЖАН

АКМАТАЛИЕВГЕ

Кыргыз элдин чынында ырысы бар,

Чынгыздай чыгаан уулу бар.

Чыкемин да бактысы бар,

Абдылдажандай иниси бар.

Ага менен ини экөө бир жүрөт,

Бирин-бири алга сүрөшөт.

Муну көрүп калың эл,

Ушунчалык сүйүнөт.

Үмүт кылып алдыны,

Жарата бер чыгармаңы.


ЖАЗУУЧУ КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВГЕ

Автопортрет

Кердегей айлынан жазуучу жаралды,

Жаратып далай-далай чыгарманы.

Аңгемени башынан мыкты жазды

«Муздак дубалдын» ичинде,

«Амбарная книганы» жаратып жатса,

«Толубай сынчынын» акбоз аты кишенеди

Канатын кагып, «Сасык үпүп» учуп келди.

Көрүнүп «Муздак дубалдардын» аркы сырты.

Толгон-токой чыгарманы жаратты,

Алигиче «Күн автопортретин тартып бүтө элек»,

 

Бирок чыгармаларынан эргүү алып,

Кубат ака өзүнүн автопортретин тартып жатат.

Ал азыр айлында бир жерде жашап жатат,

Ошол жерде улуу шедеврин жаратат

Качан бүтөт анын өзү табышмак.

Ай айланып, күндөр жылып баратат…

Өзүбүздүн портретибизди бүткөрбүз

А өмүр кайда эмнеге ашыгат?…


Эл акыны, Бийик жерде» драманын атору

Кубанычбек Маликовго

Таланттуу акын агабыз,

«Бийик жерге» чыгып алып,

Атак-даңк гонарардын кыныгын алып,

Алдап,чакырсак да түшпөй атпайбы.

Балбай баатыры кордук жеп,

Колго түшүп өлүп калам деп,

Качып жүрдү көрүнбөй,

Торго түшсө жаман болмок,

Азап тартып онтомок.

Көрө албас элдин душманы

Бир нерсе кылып жоготмок,

Тигил жакка узатмак.

Азаттыктын жели уруп,

Жакшы чыгарма болду,

Окуучулары аны окуп.

Драматург жакшы акын агабыз,

Талантыңды элге айтып баратабыз.


Сынчылар айтат

Сынчылар айтат мезгил өтсө,

Беш- алты эле чыгарма калат деп,

Коркунучтуу кандай кеп,

Кокуй күн ай, эмне дейт,

Лөктүн баары унутулабы,

Кабарсыз, жоопсуз калабы.

Убакыт үстөмдүгүн кылбайбы,

Унутулса мейли эми унутулсун,

Жаратканым ким угуптур мындайды,

Жазмышыбыз дал ушундай турбайбы.


ДАГЫ ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВГО

Такыр эле башка эчтеке жазбаса да,

Такаат кылып башка дабан ашпаса да,

Жаратканга «Сынган кылычты» жаратып,

Жашоого таш бетине калтырбаса да.

Бул китепти жүрөгүн берип жазганы үчүн,

Төлөгөн мырзанын Төлөгөндөй аты калмак.

Улуу китепти муундарга таштады деп,

Урмат менен Төлөгөндүн даңкы аталмак.


АРМАН

АКЫН, СЫНЧЫ, КОТОРМОЧУ АМАН

ТОКТОГУЛОВГО

Турмуш деп убагында кыйналып,

Адабият эмес башка ишке жармашып,

Чини өсүп, ийнине жылдыз тагынып.

Убакыт жок ыр жазганды калтырып,


Баралына келгенде, мыкты эле

Аманды көрүп улуу Расул айткан эле:

« Муну орто жашап калган адам десем,

Орусчаны суудай билген бала экен.

«Менин дагестанымы» котороору эп экен».


Сынчы, адабияттын билерманы.

Куудул топ ичинде көңүл ачаары.

Чынгыз, Расул, Крыловду которгон,

Котормодон эргүүлөнгөндөр көп боллгон.

Иштеерин иштей албай эрте кетти,

Чоң эргүүсүн элине бербей кетти,,,

Бир жагы таттуу, бир жагы ачуу,

Тагдыр деле болот тура армандуу

Өмүр деле өкүнүчтүү жаралган,

Өкүндүргөн жашоодогу келгис арман

Анткени жүрөгүндө чоң талантты,

Бизге бербей тиги жакка ала кетти.

Артына арман ырын таштап кетти…


« АЙКӨЛ МАНАС» Китебинин автору Бүбү Маприям жана

Шакин Эсенгуловдун «Жайсаң» аттуу китебине

«Айкөл Манас» Манас ырына окшошпойт,

Андай дастан кыргыз элде такыр болбойт.

Чынында Жайсаңдан кабар келген жок,

Чыгарманы халтуршиктер жазды десек болот.


АКЫН КАРБАЛАС БАКИРОВГО

Сибирь жакты тоолордон ары аша,

Ата бабасы өткөн жерин изилдеп.

Бабалардын басып өткөн изинен

Байыр салып талыбастан ыр издеп.


Ырларынан жаңы ойду таап чыгат,

Ак боз атчан Барбалас. Карбалас

Ырыс чачып жылдыз алып келатат

Ыр издеген белгилүү акын чарчабас


АКЫНДАР ТУРГУНБАЙ ЭРГЕШОВ

МЕНЕН АЛИК АКИМАЛИЕВГЕ

Эки акынды билген элем башынан,

Ыр болуп жан дүйнөсү жанып күйгөн.

Ыңгайсыз оор жашоодон түңүлүп,

Ыр болуп учуп кетти ушу дүйнөдөн.


Эшик кагып, акбоз атчан Тургунбай Эргешов,

Экинчиси Акималиев калем шилтеп чарчабас.

Бу жашоодо поэзия болуп жаралып, тынбай агылып,

Тиги дүйнөгө учуп кетти жарык чачып ырдагы пегас.


РАСУЛ ГАМЗАТОВГО

Чыныгы ыр кандай болуп жаралат

Ошону ойлой берип башым катат.

Тагдырын акындыкка арнаса

Табышмактуу ачылышты таап чыгат.


Кеменгерлик эч убакта карыбаган,

Келечекке көркөмдүктү чакырган.

Рахат берген чыныгы ырды жазганга,

Расулдай адам керек акылман


АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУНА

Атасы Буйлаш карабай койгон соң,

«Арстандай сүрдүү болсун» деп,

Ат койду балага дербиш келип,

Азан чакырган аты Арстанбек.


Жер кыдырган ошол кайып адам

Баланын олуя болоорун билгендир.

Же болбосо береги дербиш кайып,

Арстан деп соолбос бата жибергендир



Кыргыз элинин улуу досу, балкар элинин улуу акыны

КАЙСЫН КУЛИЕВГЕ

«Атым чыккан дүйнөлүк улуу акынмын

Ырды жазып, кенин таптым акылдын.

Ыр менин тагдырым жана жазмышым,

Өмүр сүрүп Ала Тоодо жашадым.


Жери, суусун кенен кесир аралап,

Жегемин кыргызымын ак нанын.

Кыргыз тилин билем балкар тилиндей

Кылым өттү, ээн эркин жашадым.


Эли тура ушунчалык меймандос,

Акын пири Алыкулга жакынмын.

Улуулугун улам улам урматтап,

Улуу акын деп кагазыма жазгамын.


Кыргыздын уулу Айтматов Чынгыз,

Асманда балбылдаган чоң жылдыз.

Жазган ырым ушул элге арналган,

Жаным балкар, жасаатым кыргыз».

ЕСЕНИНГЕ

Окумуштуулар алыскы бир планетага

СЕРГЕЙ ЕСЕНИНДИН атын ыйгарган.

Айтылуу орус элинин

Улуу акыны Есенин.

Отузга чыгып чыкпай,

Обдула учту алыстай.


Соолбогон күчүн жыйнап,

Сонун лириканы бизге арнап.

Биздерге бийик жылдыз жанды го,

Бийиктиктен нур тарата балбылдап.


ДАГЫ САЛИЖАН ЖИГИТОВГО

Көп нерсени жактырбады,

Жагып калды азы гана.

Анткени көбү халтура

Азы накта чыгарма.


АКЫН ОМОР СУЛТАНОВГО

Омор чыгармасын Омордой жазат,

Артында кала турган аты бар.

Баардык чыгармасын окубасам да,

Мен сүйүп, окуган ыры бар.


Жер сугарып, эгин айдаган

Акындын көрүнүп турат талаасы.

Куштар сайрап, күкүгү үн салган,

Кумарланткан кең мейкинди карачы!


ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ КАЧКЫНБАЙ ОСМОНАЛИЕВГЕ

Кап калың китептерди жаздыңыз,

Кыргыз элде кала берди аныңыз.

«Качыкенин жазган китептер»– деп,

Калтырбай окуп келатабыз.


«Көчмөндөр кагылышы» жакшы чыгарма,

Балдарды «Окугула» деп какшап айтабыз.

Санжыра жашынып жатат чыгармада

Саптары сары алтын чыгарманы жаздыңыз.

***

Өтүп кеткен акындарды эскеребиз,

Алар бизге кайра келип кошулбайт.

Баягыдай чыгарма жазган столуна,

Да бир жолу кайра келип отурбайт.


Кубанычтуу жазган ырын баягыдай,

Бак-бак этип чыгармасын окуп бербейт.

Бир шаңк күлүп жайнап жаркылдап

Биз менен бир дагы жолу кездешпейт.


Кемчил жазган чыгармасын кайтадан

Көңүл буруп аны оңдоого киришпейт.