Tasuta

Адамдын Асыл ойлору

Tekst
Märgi loetuks
Šrift:Väiksem АаSuurem Aa

* * *

Адамдын сүйлөгөнү, укканы, кыймылы, көрүүсү -жашоо.Согуп турган жүрөгү- өмүр. Демек ошол адам жашоосун, өтүп жаткан өмүрүн өз көзү менен көрүп турган.

* * *

Эмгекчил адам бир күндүк ийгилигинен шык жаралса, анысы бир айлык кубанычка тете.

* * *

Жылдын баардык убагында гүлдөп турган гүлдү көрбөдүм, бирок чыныгы акындын ырларынын баардык кезде гүлдөп турганын көргөм.

* * *

Өлгөндөрдүн жакшы сапаты, тирүүлөр үчүн үлгү. Алар үлгү болуш үчүн жашап, өтүп кеткен.

* * *

Байыркы-байыркы заманда элибизге каршы Көзкаман, Көкчөкөз

Алты арам деген элдин душманы чыккан. Азыр деле ошондой душмандар бар. Адамдар баардык кезде ошолордон сак боло жүргүлө!

* * *

Өлүм – ачуу, өмүр – таттуу, демек жашоо өлүм менен өмүрдүн ортосундагы күрөш.

* * *

Чыгат деген күлүк чыкпай калды, эмне кылабыз? Эл башкарган уулубуз эл ишеничин актай албай калды, эмне кылабыз? Күткөн үмүт аткарылбай калды, эмне кылабыз?

* * *

Ар бир эл сырткы жана ички душмандан коргонот. Сырткы душмандан жалпы эл коргонот. Баарынан ички душман жаман, арабызды жүрүп ичти иритет. Демек сырткы душманга караганда ички душмандан өтө коркунучтуу элес келип турат.

* * *

Эмгекти баалап эле жөн койбой, андан биз жакшы өнөрдү үйрөнүшүбүз керек. Биз үйрөнсөк өзүбүз байыйбыз. Биз эле эмес элибиз байыйт.

* * *

Талант – бул кандай нерсе дейм, ал эмгек жана сүйүүнүн ортосунан жаралган бакыт болуп жүрбөсүн. Талант бул бизге эле эмес бизден кийигки муундарга да керек болуп жүрбөсүн.

* * *

Жашоонун өңү кызыл, ал күрөштүн өңү, ал бизге дайыма керек. Күрөш токтоп калган жерде ийгиликке жетиш өтө кыйын.

* * *

Өлкөнү талап тоношту ким талап тоноду? Элдин башына эрки, кайраты жок киши келди. Ошол талап тонотту.Баары эле биригип элдин шору болду.

* * *

Турмуш бул агып жаткан улуу дайра, анын үнүн угуп туруу биз үчүн чоң кубаныч.

* * *

Бизде биримдик, сыйлоо, эмгекчилдик, урматтоо, сүйүү, достук бар. Анда бизде баары бар. Биз өтө байбыз.

* * *

Дайранын оң жээгинде актык, тазалык, эмгекчил эл турат. Ал эми сол жээкте коррупция, жеп ичкендик, эл душмандары турат. Биз кайсы жээкти тандап алалы? Албетте бизге оң жээкте жашоо улук, Бирок сол жээктегилер биздин тынчыбызды алып жатат. Биз эми эмне кылабыз? Жалпы элге коркунуч жаралып жатат.

* * *

Ар бир адамга өзүнүн өмүрү өзүнчө повесть ал чыгарма анын өмүрү бткөндө жазылып бүтөт.

* * *

Санжыра эмне үчүн жаралат? Ар бир адамдын ата-теги ким экенин билиш үчүн аны унутпай айтып жүрүш үчүн же анын

баарыбыз үчүн сырдуу баяны бар. .

* * *

Балаңы өзүңө каршы тарбиялаба, ал өзүңө элдешкис душман болот.

* * *

Жаманчылыкты адамдарга көп жасаба, акыры анын аягы өзүңө кайтып келиши ыктымал..

* * *

Өлүм мага келбейт деп ойлобо, улгайган сайын ал сага жакындай берет. Бирок аны кайраттуу түрдө тосуп алганга даярдан.

* * *

Он досуң кечире албаган бурганактуу суудан бир эле досуң кечирип коюушу мүмкүн.

* * *

Адамдар бирөөгө жаманчылык кылганын улгайганда сезет, эмне үчүн аны учурунда байкаган эместигин дагы сезет.

* * *

Кудай деген адам биринчи өзүнүн анан жанындагы адамдарды сыйласын, анын сыйын көргөн пенделер жакшылыкты кайра сый менен кайтарат..

* * *

Ушунчалык бай болуп жаныңдагы жарды адамдарга кайрымың тийбесе сен деле жарды адамсың.

* * *

Баласын жакшы тарбиялаган ата акылман, кызын жакшы тарбиялаган эне насаатчы, демек акылман менен насаатчынын ортосунан жакшы уул, жакшы кыз жаралат.

* * *

Бир улуу учкул сөздүн куну он жылкыга барабар. Он жылкы мезгили келгенде жок болот. Ал эми учкул сөз кылымдарга унутулбай кала берет.

* * *

Баласы акылдуу жаралса ал дагы кубаныч, кызы акылман болсо бул андан бетер кубаныч демек бул жашоого жакшы жаштардын жаралышы аябай чоң кубаныч.

* * *

Сен ар бир айда бир жакшы нерсени жаратсаң ал дагы кубаныч ал эми ар бир күндө жакшылыкты жарата берсең ал чыныгы өлбөстүк.

* * *

Каалаганына жетпей калган сүйүү арман. Анын тагы жүрөктө сакталып калганы андан бетер арман.

* * *

Мен боз үйдөн жогору жакты карап, көктү көрөм. Асманга тийип турган түндүктү көрөм. Жана боз үйүн жүктөп, көч көчүрүп келаткан, Теңир-Тоолук кыргыз элин көрөм. Ата-бабаларымын караанын көрөм.

* * *

Эчаккы түшкөн сүрөтүбүз бизге эстелик. Ал келечекте өткөн курагыбыздын жылган закымын эстеткен элес – таберик жана эстелик.

* * *

Адамдын көзү – жашоо, жүрөгү – өмүр, демек адам өтүп жаткан өмүрүн көрүп турган экен.

* * *

Эмгекчил адамдын бир күндүк өмүрү бир кылымга тете дешет. Демек ал адам бир күндө эле бир кылымдык жаңылыкты ачып кеткен.

* * *

Мезгилдин баардык кезинде гүлдөп турган өсүмдүктү көрбөдүм, бирок чыныгы акындын ырларынын баардык кезде гүл ачып гүлдөп турган гүлдү көргөм.

* * *

Өлгөндөрдүн жакшы сапаты тирүүлөр үчүн үлгү, алар ошол үчүн жашаган.

* * *

Өлүм – ачуу, өмүр – таттуу, демек жашоо өлүм менен өмүрдүн ортосундагы күрөш.

* * *

Өлгөндөр күкүктүн үнүн такыр укпайт, бирок тирүүлөр күкүктүн үнүн угуп, өлгөндөрдү эскеришет.

* * *

Эмгекчилдикти баалап эле койбой андан биз үйрөнүүчү нерсе өтө көп экенин билелик. Биз билбеген башкы сыр ошондо жатат.

* * *

Талант бул – ачылыш менен эмгектин ортосундагы бакыт.

* * *

Талант талаада жаткан нерсе эмес, аны тапкандан кийин барктап күтүп алуу дагы көп эмгекти талап кылат.

* * *

Жашоонун өңү кызыл. Ал күрөштүн өңү. Демек жашоодо күрөшсүз жашай албайбыз. Күрөш бизге жаңы өмүрдү ачып берет.

* * *

Турмуш агып жаткан улуу дайра. Анын үнүн угуп жашоо биз үчүн керемет.

* * *

Бизде биримдик, сыйлоо, урматтоо, эмгекчилдик бар.

Демек бизде баары бар. Алар болсо биз бактылуубуз.

* * *

Жашоодо эмне төмөн, эмне жогору. Чындык, акыйкат, үмүт баарынан жогору. Коркоктук, көрө албастык, бузукулук, ач көздүк баарынан төмөн.

* * *

Жашоонун өзү жомок. Ал жомокту кандай жараттың, ал биздин чыгармачылык тагдырыбыз.

* * *

Тазалыктын өзү күзгү, анда турмуштун жаман, жакшы жактары даана көрүнүп турат. Ошол үчүн биз күзгүдөн өңүбүздү каранып тазаланып турушубуз керек.

* * *

Араа: «Даракты арааласам», – дейт.

Балта: «Даракты жарсам», – дейт.

Уста: «Үйүн салсам», – дейт.

Үй-бүлө: «Ошол үйдө жашасак», – дейт.

Демек баарынын эле жумушу жана үмүтү бар.

* * *

Жаратылыш бул өзүнчө аалам, ал эми кээ бир адамдардын жаратылыштай кенен болуп жаралышы башка пенделер үчүн чоң аалам.

* * *

Өлбөс даңктуу нерселерди адамдар жаратат. Анан ошол адамдар өлбөс даңктуу болумушка айланат.

* * *

Колум өзүнчө жомок. Бутум өзүнчө жомок. Өткөн өмүрүбүз өзүнчө жомок. Келечегибиз жарала элек жомок. Демек биз жомоктор дүйнөсүндө жашап келе жаткан экенбиз.

* * *

Кимдир бирөөнүн балалыгы оор жана кайгылуу өткөн аны эстөө өзүнчө бир кайгы жана өкүнүч. Ал ошол кайгыга жолукпас үчүн келечекте жакшылыкка умтулуш керек.

* * *

Өгөй энелердин өз энелерден бир эле айырмасы бар.

Анткени алар мээримсиз аялдар ошонусу менен армандуу.

* * *

Ичкиликти көп ичүү өкүнүч экенин билебиз. Анда эмне үчүн көп ичип жатабыз? Ошого таң калам?

* * *

Ыймандуу таза адам болуу, бул да жөнөкөйлүктүн бир жакшы нускасы. Ал жашоонун биз көрө элек жаңы нускасы.

* * *

Ар бир адам күндө жаңы кубанычты жаратып турса, анда бул аадамга жакшылык гана жаралып, адлам ошонусу менен бай болмок.

* * *

Балаңа мээримиңди чач, баардык жакшылык ошондо турат. Мээрим чача албасаң анда аталык, энелик вазыйпаң кайда кеткен? Же андан ажырадың беле?

* * *

«Өмүрүң кандай өтүп жатат?» – дейт. «Жакшы өтүп жатат» – дейм. «Армандуу жагы барбы?» – дейт. «Армансыз өмүр болмок беле» – дейм.

* * *

Ар бир адамдын таянычы анын ыйманы, кандай адам экенин кудай ошол таянычтан көрүп, билип турат.

* * *

Бир адамдын аты тарыхта калса, жүз адам сүйүнөт. Жүз адамдын аты тарыхта калса, миң адам сүйүнөт. Миң адамдын аты тарыхта калса, анда биз жашап турган аалам сүйүнөт.

* * *

Мен өзүмү-өзүм качан көрөм жана кайдан көрөм?

Жооп:

– Сен өзүңү, өзүңдүн эмгегиңден көрүп турасың. Ошону биле элек белең?

* * *

Улуу адамдар биз көрбөгөн нерселерди көрүп турат.

Алардын көз карашы бизден алдыда, ошол үчүн алар улуукту кармап турат.

* * *

Жашообуз келечек. А келечектин өзү кийинки муунга арналган ыр.

* * *

Түн – уйку. Ал эс алуучу маал. Күндүзгү күн келечекке жол алган күрөш. Ал – эмгек.

* * *

Жакшы адамдын эмгеги эсте болсун. Эсте эмес ар дайыма жүрөктө болсун. Жүрөктө эле эмес ар дайыма элде болсун.

* * *

Жакшы бала атасынын сөзүн угат. Жакшы кыз энесинин сөзүн угат. Экөөнүн сөзүн укса алар андан кийин кудайдын сөзүн да угат.

* * *

Эл башкарган жетекчи жана бийликтегилер наадан болсо, ошол эл үчүн коркунуч. Жана ар бир адамга – азап. Бул жерде бүткүд элге наадандыкты жараткан эл башчысы башкы наадан.

* * *

Күнөөбүз көбөйгөн сайын кудайды көбүрөөк эстейбиз, а эмне үчүн мурун эске салган эмеспиз.

* * *

Тозок менен бейиштин ортосу бир эле карыш экенин Наполеон өз өмүрү менен аныктап койгон. Ошол бир карыш жолдон анын өмүрү көп нерсени билип алыптыр.

 

* * *

Чынгызхан менен Гитлердин өмүрү бул чоң согуштун белгиси, же кыргын азап-тозоктуу өлүмдүн белгиси. Алардын өмүр баянын эскерүү да, адамдар үчүн коркунучтун белгиси.

* * *

Өлгөн күн туулган күндөн артык, себеби сен жер үстүндөгү баардык азап-тозок жана душмандарыңан кутуласың, Бирок туулган күн сен үчүн жаңы эранын башталышы.

* * *

Адамдын көзү кичинекей эле болот, бирок ач көз адамдын көзү өзүнөн миң эсе чоң байлыкты көрүп ага тойбойт.

* * *

Эл башкарып, дүйнөгө тойбогон адам өзүн жеп салуудан да кайра тартпайт. Алар дүйнөгө тойбостугунан көп адамдарды жеп салган. Башка чоочун адамдарды гана эмес өзүнүн бир туугандарын жакын адамдарын кошо жеп салган.

* * *

Кыйкырып өкүрүп коркутуу, тарбияны негиздебейт, чыныгы тарбия чындык, акыл айтуу, кеп-кеңеш боорго тарткан ишеним менен келген.

* * *

Мен асманы ачык талааны көрдүм, учуп жүргөн куштарды көрдүм, эмгектенип жаткан адамдарды көрдүм, кыскасы мен жакшылыктын элесин көрдүм. Демек мен кадимки эле айланамдагы жайнаган жакшы турмушту жана жаратылышты көрдүм.

* * *

Күн дагы жолочу, түн дагы жолочу, экөө менен жарышып бараткан адамдар да жолочу.Анда баарыбыз өмүр өткөргөн жолочу экенбиз.

* * *

Өмүрүбүз бар, жайнаган жаштыгыбыз бар, демек бизде баары бар.

* * *

Карылар карылыгы менен жаштар жаштыгы менен демек, баардыгы өз жолу менен.

* * *

Туулган жерден ата-бабалардын ыры угулат. Ошол ырлардын шаңы менин жан дүйнөмөн дагы угулат.

* * *

Ай чыккан түн ажайыптуу, ошол түндө жазылган ыр ажайыптуу, ырдын кооздугуна тийген ай нуру ажайыптуу.

* * *

Кыш бат эле өтүп, жаркыраган жаз келээрин унутпа! Оор күндөр кетип, жаркыраган кубанычтын келээрин дагы унутпа!

* * *

Калкылдап заман өттү, аны менен кошо өмүрүбүз өттү, бирок ошол өмүр калкылдатып ак эмгекти жаратып өттү.

* * *

Эмгекчилдин колу берекелүү, баатырдын жолу берекелүү, бала үчүн эненин ак сүтү берекелүү.

* * *

Күнөөлү адамды кечирүүгө болот эгер ал өз күнөөсүн мойнуна алып оңолууга багыт алса.

* * *

Күн сайын жан дүйнөсү жаңырткан адам бактылуу адам, анткени ал күн сайын жакшылыкка аттанган.

* * *

Үй-бүлөгө кереги жок адам ашыкча адам, анткени ал үй-бүлөөнүн ийгилигине салым кошпой жаткан адам. Ошол үчүн ал баардык жерде ашыкча адам.

* * *

Уламаларда, санжырада, жомоктордо айтылат: «Кудай адамга баарын берген бирок, адамдын пейли оңолмоюн өзү эч убакта оңолбойт. Бул сөздө улуу чындык жатканына ишене бергиле!».

* * *

Ата балага мээрим чачпаса, анда баласынан жакшы мээрим төгүлөөрүнө ишене албай жатам.

* * *

Кээ бир адам:«Өмүр өттү» – дейт бирок анын кандай өткөнүнө жыйынтык чыгара албай келе жатат.

* * *

Бир адам айтты: «Жашап келем бирок канча убакытты уурдап жок кылдым, кудай алдында анын эсебин так айта албайм».

* * *

Өткөн жылдарды эскерүү жакшы, бирок ал жылдардагы кемчиликти эстеп, кайра-кайра кайгыра берүү пайдасыз, анткени ал күндөр учуп кеткен куш, баары бир ал сенин колуңа кайта келип конуп бербейт.

* * *

Жандүйнөңү күндө жаңыртып жакшы алып жүрсөң, күндө бир жакшы жакшылыкка жолуга бересиң.

* * *

Жашоо бул жакшы нерсе, ал эми кандай жашадың, ал өзүңүн ишиң. Демек жыйынтыкты адам өзү чыгарат.

* * *

Күлкүчү, куудул адамдын кылыгында бир сонун жери бар, анын жараткан окуяларын эстегенде, жылмайып терең кубанычка батабыз.

* * *

Рухий байлык адамдын көзүнө көрүнбөгөн байлык мал, мүлк. акча адамдын көзүнө көрүнгөн байлык. Тирүү жанга эеөө тең керек.

* * *

Күн тийип турса деле, адам-адамдын жүрөгүнө жарык чачып турсун. Анткени жылуулук күн аркылуу эмес жүрөк аркылуу өтүп турсун.

* * *

Ар бир элде баатырлар сөзсүз чыгат. Баатыры жок элде Ата-Мекен жалгызсырайт.

* * *

Бай болгон жакшы, аны менен бирге жардыларга кайрымдуу болгону андан бетер жакшы.

* * *

Чоң кишиге баладай мамиле кылба, анткени алар балалык курактан небак өтүп кеткен.

* * *

Бактысыз кишиге жардам берип, аны бактылуу адамга айлантуу баардык эле адамдын колунан келе бербеит.

* * *

Бизге берилген өмүр бир мүнөттөн куралат, ошол бе-рилген өмүрдү сараңдык менен колдонбосок, оңой менен ийгиликке жете албайбыз.

* * *

Макал-лакап сөздөрүн бир эле киши түзгөн эмес, аны эл түзгөн. Ошол үчүн ал улуу.

* * *

Улуу адамды мактай берүү жарабайт, анткени ал мактоо курактан небак эле өткөн. Же улуулуктун өзү санат жеткис мактоо.

* * *

Улуу ойчулдар деле биздей адамдар. Бирок алардын коомго кошкон байлыгы биздикинен артык болуп жатат.

* * *

Жакшы китеп дагы чоң байлык, ал эми жакшы китептер чогулган китепкана өлбөс түбөлүктүү элдин байлыгы.

* * *

Нааданды кайра тарбиялоо өтө оор, агткени ага жабышып алган наадандыкты кууп чыгыш керек. Андан көрө жаш наристени тарбиялоо жүз эсе жеңил.

* * *

Адам бир бийиктикке жетиш үчүн эмгектенип жанын үрөйт, Анан ал бийиктикке жетет. Ал жерден дагы бийиктикке жетүүнү самаш керек.

* * *

Улуу ойчулдар жараткан учкул сөздөрдүн оюу бири-бирине окшош. Бирок алардын сөздөрү ар башкача куралган.

* * *

Көп адамдар өздөрүнүн көлөкөлөрүн баалабай өтүшөт. Ошол көлөкөсүнөн жашоонун элеси чагылып турат. Көлөкөсү тирүү жүрөм деген сыйкырдуу элес болчу.

* * *

Акылмандар деле адам. Алар бизден өтө терең акылы менен айырмаланат. Бизде бийик акыл болсо, биз деле акылман болмокпуз.

* * *

Жашообузда жакшы иштер жаралып турса, биз тирүүбүз. Анда өмүрүбүз арманга батпайт болчу.

* * *

Наадандыктын чеги бар. Акылмандуулуктун чеги жок.

Ошол үчүн ак жашообуздун жолу улуу.

* * *

Өтө күчтүү душманга бетме-бет барыш үчүн сага дагы ошондой эле күч кайрат керек.

* * *

Терең жана тунук ой жүгүртүүдөн, жакшы иштер жаралат. Биз ошонун кубанычын күтүп турабыз.

* * *

Ар бир адамга өмүр бир эле жолу берилет. Эки жолу берилсе, биз анда кеткен кемчилдикти оңдоп салмакпыз.

* * *

Ата-энеси балдарга өз сүйүүсүн берет. Балдар деле ошол мээримди кайра жакшылык менен кайырбай койбойт.

* * *

Акыл-эс жана талант менен байыган байлык жакшы, ал бизге кайрымын кайра кайрып берет.

* * *

Акылдуу адам ден-соолугуна карайт, ден-соолугу анын өмүрүн жана келечегин коргоп турат.

* * *

«Күлкүлүү окуялар бул турмушта өтө көп, бирок мен бир да жолу күлкүлүү окуяны жарата элекмин».– дейт бир мерес адам.

* * *

Күлбөй жүргөн адамдарга суктанбай, күлүңдөп шайыр жүргөн адамдарга суктанам.

* * *

Жаштык кылып жаңылганым эчтеке эмес, ошол жаңылыштыкты оңдоп салсам, андай жаңылыштыктан бир жолу кутулган болои.

* * *

Ичи тар адам ааламдын кенендигин билбей жатат, Ааламды ал өз көз карашы менен кичинекей кылып өлчөп-ченеп карап жатат.

* * *

Таланттуу акын журналист калеми менен деле эрдикке аттана алат. Алар калеми менен эрдикти жаратып жүргөн.

* * *

Кооптонуучулук болгон жерде, көңүл ордунда эмес. Адамдын

көңүлүн бир шектүү окуялар ээлеп алган.

* * *

Өмүрүндө бир китеп окубаган адам, бир жакшы нерсден, же бир сонун керемет дүйнө бар экенин билбей калган.

* * *

Сарамжалдуулук менен чогулган байлык дүйнөнүн башында турат. Баардык байлыкты башында ошол сарамжалдуулук турат.

* * *

Үнсүз ыйлаган адамда бир чоң кайгы турат. Ал кайгыны баардык адамдар сезе билбейт. Ошол үчүн ал үнсүз ыйлап жатат.

* * *

Чыныгы адам болуу деле өтө оор. Көп адамдар ошол

бийиктикке жете албай өмүрдөн өтүп жатышы арман.

* * *

Эмне үчүн биз кээ бир адамдарды улуу адамдар деп айтабыз. Алар биз ойлобогон ачылыштарды ачып жатканын улуулук деп жатабыз.

* * *

Бирөөнүн тынч жашоосуна жана эркиндигине кол сала көрбөгүлө! Аларды бактысыз жанга айлантып салбагыла!.

* * *

Дүйнөнүн өтө кенендигин жана адамдын ички дүйнөсүн терең тааныбай туруп, даанышман жанга айлана албайсыңар!

* * *

Аң сезимиңди күн сайын өнүктүрүп турсаң, ал сага келген ийгиликтин бир түрү.

* * *

Ар бир балада жакшы тарбия болсун ошентип ал күндө жакшылыкты үйрөнүп отуруп, чыныгы адам болуп чыга келсин.

* * *

Чыгармачыл адам эркин куш болуш керек. Эркин куш болуп, учуп жүрүп чыныгы чыгармаларды жарата алат.

* * *

Улгайган кезде адамга акыл топтолот. Ошол чогултуп алган нерсе менен адам бай болот.

* * *

Майда адамдарда деле ачыла элек улуу идеялар болот.

Алар ошол жаңылыгын турмушка ашыра албай калган.

* * *

Биз поэзия дейбиз. Ошол поэзия биздин жүрөгүбүзгө бир сонун өлбөс нерсени чачып жатпайбы. Ошону менен жан дүйнөбүз байып жатпайбы.

* * *

Токтоолук, талант, эмгек сапар бараткан үч жолочу. Ошол үчөө баарыбызга мага, сага, башкага да керек.

* * *

Үмүт оорулуу адамга сөзсүз керек. Эч нерсеге багынбаган оорчулукту ошол жакшы үмүт жеңип ишеничти жаратат.

* * *

Адам ар бир күндө жакшылыкты жаратып турса, ал өзү үчүн өлбөстүктү түзүп жаткан болот.

* * *

Сен эл жөнүндө ойлонсоң, эл сен жөнүндө ойлонот.

Ошондо ортодо тең салмактуулук сакталат.

* * *

Таза тунук сүйүүгө, эмгекке, талантка бөлөнгөндөр, күндө кайра жаңыдан төрөлүшү мүмкүн.

* * *

Наадандыкты наадан пенделер жаратат. Антпесе, наадан пенде болбой калган жатпайбы.

* * *

Ар бир адам өзүнчө дүйнө. Эгер ал эмгекчил, сабаттуу, маданияттуу, сылык адам болсо, ал өзүнчө кооз, кол жеткис, бизди таңданткан өмүр -дүйнө.

* * *

Дайыма китеп окуп турсаң жакшы. Жан дүйнөңө жакшылыкты ачып турган болосуң же жакшылык менен жолугуп турган болосуң.

* * *

Башыңа кайгы келгенде жеңилбе! Акыл эс токтоолугуңа таян ошондо бир жаркын иш жаралган турат.

* * *

Өз үйүң сенин кичинекей мекениң. Анда ошол жерде тынчтык, эмгек, бакубаттык уялап алган болсун.

* * *

Жаратылыш деле күн сайын жаңырып туруш керек. Демек адам баласынын жан дүйнөсү деле күн сайын жакшылыкка карай жаңырып турушу керек. Антпесе өмүрдү жаңылык аралабай эски бойдон калган турат..

* * *

Өлгөн адамдар эрдикке умтулбайт, бирок алардын тирүүсүндө жасап кеткен эрдигие тирүү адамдар таянат.

* * *

Эң мыкты романды жазган адам журтуна жазуучу эле эмес, эли үчүн өлбөс баатырдыкты жаратып кеткен адам.

* * *

Үмүт- келечек. Биз ошол келечекке карай аттанган жолочубуз. Үмүт адамды алыстан чакырып турган шам чырак. Адамдар ошол шам чыракка жетели деп, жанын сабап бараткан жолочуларбыз.

* * *

Ийгилик бул сенин ишиңдин жыйынтыгы. Ошол ийгиликке эл кубанса, анда ал биз күткөн үмүттүн жыйынтыгы.

* * *

Өтүп кеткен жакшы окуяны баары эстешет. Ошол жакшы окуянын кайра дагы жаралбай калганы арман.

Сен батаар күндү карап ойлон. Сен күндү карап эмнени ойлоносуң? Күн сыяктуу адамдарга жарык нур чачкан кезиң болду беле? Же такыр болгон жок беле? Ошону ойлон.

* * *

Үйүңдүн эшиги ачкыч аркылуу ачылат. Сенин жүрөгүңдүн ачкычы кайда? Ал сүйүүдө жана жан жыргаткан жакшы сөздө, адамды таң калткан ак эмгегиңде болуп жүрбөсүн!

* * *

Байыркы адамдар деле сүйүү деген. Азыркы адамдар деле сүйүү дейт. Адам жашап турганда мунун аягы бүтпөс нерсе шекилдүү.

* * *

Ийгилик сага оңой эле келе койбойт. Анын уңгусунда күрөш менен ишенич жатат.

* * *

Ар бир башталаар окуянын уңгусунда чындыктын жатканы эң сонун нерсе.

* * *

Адам канчалык таланттуу, сабаттуу болсо, ал ошончолук бийиктикте турган адам.

* * *

Ата-эненин эмгегин баалаган бала адам сыйын унуткан эмес.

* * *

Адам канчалык зулум болсо, анын жүрөгүндө ошончолук ыпластык жашап жатат.

* * *

Мугалим балага сабакты эле үйрөтпөйг, жүрүм-турум эрежелерин адамдар сезбеген жаркын шоолаларды үйрөткөн чыныгы насаатчы.

* * *

Өтүп кеткен өмүр арман, анткени аны ошондой кылып кайра баштай албай калганбыз.

* * *

Адептүүлүк кайдан башталса, чыныгы жашоонун өчпөс нуру ошол жактан тийип турат.

* * *

 

Күмөн саноо ишенимдин ишке ашпастыгынан келип чыккан..

* * *

Дүйнө-мүлккө берилип кетип элин карабай калган жетекчинин Ата Мекени- байлык, алтын болот.

* * *

Сен керексиз нерсеге илешпей керектүү нерсеге илешсең жашооңдо натыйжалуу окуялар башталат.

* * *

Калпычы адамдын убада бергени ар дайыма шек туудуруп, ишеничке жалгашпай кыйгач кетип жатат.

* * *

Өткөн өмүр – арман анын жаманы да, жакшысы да кайра келбейт, ал эми алдыңкы күнүбүз – кубаныч, анткени биз алдыңкы күндө жакшылыкка жетсек деп жашап жатабыз .

* * *

Улуулуктун уңгусунда өлбөстүк жатат, анткени улуулукту өлбөстүк жаратат.

***

Опурталдуу ишке аттанган адамдын жүрөгүндө, сөзсүз тобокелчилик бар.

* * *

Бала атасына «Атаке!» – деп эркелейт. Атасы баласынын чачынан сылап «Берекем» – дейт. Антпесе экөөнүн ортосунда кантип ысык мээрим жаралат.

* * *

Адам жаралган анын артынан мээрим жаралган. Андай болбосо, дүйнө ушунчалык кооз жана көркөм болмок эмес.

* * *

Күн нуру жерге кандай жылуулук чачса, адамдар деле бири-бирине ошондой мээримди чача алат.

* * *

Эң биринчи адам жаралган анан адамдар сулуулукту жараткан. Эгер сулуулук болбосо, дүйнөнүн бир жери кем болуп жетимсиреп калмак.

* * *

Адам баласы акылман да, акмак дагы боло алат, Эч бир адам «Акмак болом»– дебейт. Ага өзүнүн тагдыры жана тарбиясы туш кылып жатат.

* * *

Башыбызга кыйынчылык келгенде үстү-үстүнө кудайды эстеп калдык, Ага чейин эмне үчүн бир да жолу эске салган эмеспиз.

* * *

Жол жолоочуну жаратпай, жолоочу жолду жаратат, бирок адамдар мурунку ата-бабасы жараткан жолу менен да сапарлап ийгиликке жетет.

* * *

Суу болгон жерде гүл өсүп жатат. Суу гүлдү жаратса, гүл сулуулукту жаратат.

* * *

Терезеден жааган жаанды көрүп турам. Демек жашоонун өлбөстүгүн көрүп турам. Жаандын өмүрү өлбөстүктүн уланышы. Жаандын жааган шыбырты жашоонун өлбөстүгүнүн уланган шыбырты.

* * *

Бир тыйын дүйнөнү түзүп турат. Бай адамдар бир тыйынды чогултуп отуруп байлыкка жетем деп турат..

* * *

Жароокерлик баардык эле адамда боло бербейт. Ал мүнөздү күткөн адамдын жолу узак болот.

* * *

Чыныгы адам менен шайтандын жолу эки башка. Ал экөө элдешпейт.Элдешсе эле береги адам шайтанга айланат.

* * *

Караңгыда үйгө түшүп турган шоола бул жерде, дагы тиричилик бар деген белги болчу.

* * *

Адамдар көп бирок ошолордун ичинде сенин ишенимдүү досторуң өтө аз. Ошол үчүн сага жаккан адамдардын саны аз..

* * *

Башталган ишиң жакшылык менен башталса, анын аягы деле жакшылык менен бүтүп калышы ажеп эмес.

* * *

Чоң ийгиликке жетиш үчүн сен канча жол бастың, канча адам менен күрөштүң, бирок акыры ийгиликти жараттың, ошонун баары өлбөстүктүн берекеси болгон.

* * *

Ээн талаада жалгыз куштун сайраганы, быякта да жашоо бар, быякта да ыр бар деген такилип болчу.

* * *

Жашоо белгилүүлүктөн жана белгисиз нерседен турат. Белгилүүсү биз билген нерсе, белгисизи биз биле элек ачылбаган окуялар.

* * *

Жардамы жок көп туугандын болгонуна караганда, пайдасы тийген бир достун карааны артык.

* * *

Атанын жакшы уулу болгону үй-бүлөө үчүн кубаныч, үй-бүлөдөн да жалпы элге кубаныч.

* * *

Начар уул атасынын байлыгын чачып, жаштыктан да, байлыктан дагы алыстап баратат.

* * *

Адам-адамга, же коомуна жакшылык жасаган сайын жаңырып жашара берет.

***

Элинен куулган эл башчы өткөнүнү эстеп момурап отурат. Оорулуу адам айыгаар айыкпасын биле албай ойлуу момурап отурат. Акын ырын жазып бүтүп анын келечек тагдырын ойлоп момурап отурат. Кыскасы баары эле ойлуу момурап отурат.

* * *

Адамдарга жакшы насаат, кеңеш, тарбия берген адам өзүнчө эле бир мугалим сыяктуу сезилет.

* * *

Пенденин, аңкоолугу жана түшүнбөстүгү ал өзүнүн

тарбиясыздыгын далилдеп турат.

* * *

Акчаны тапкан адам жакырлыктан коргонот, ошол үчүн ал жан бүдөөгө түшүп эмгектенет.

* * *

Жазган чыгармаң да, иштеген ишиң да башкалардын ишине окшош болуп калышы ыктымал, кээде адамдар бир эле убакта бир эле ойду ойлонуп, окшош жумуштарды жасашат.

* * *

Улуу жазуучулар жазган чыгарманы мен деле жазчудай экем, бирок алар биринчи жолу мага калтырбай жазып салышыптыр.

* * *

Жакшы тарбия берген адамдын сөзүн оң, сол кулагың менен ук ал аз болуп баратса, жүрөгүң менен тыңшап, жан дүйнөңүн бекем жерине жоготпой киргизип ал!

* * *

Түбөлүк кедейлик эң жаман, кайратыңы жыйып ошол абалдан көтөрүлүп кетүүгө аракет кыл.

* * *

Жакшы китепти кайра окуп чыксаң, баягы эски досуңа жолуккандай болосуң.

* * *

Билбей туруп өңү сулуу пендеге ашык болбой, анын кандай адам экендигин, жандүйнөсүн билип туруп ашык бол. Себеби сени сулуулук бакпай, анын тунук акылы адам кылат.

* * *

Өз балаңын жытындай жыт дүйнөдө болгон эмес. Болсо эгер кайсы жакта.

* * *

Өзү туулуп өскөн жерин унуткан адам баарынан мурун балалыгын кошо унуткан адам.

* * *

Бүт адамдардын баардыгы эле жаман эмес, андан мурун бүт адамдарды жаман деген өзүң жаман болуп жүрбө!

* * *

Жакшы кошунаны сыйлабай жүргөн адам баарынан мурун өзүн сыйлабай калган адам.

* * *

Каргышка калган адам жаман айрыкча, мамлекет башындагы адам каргышка калбасын ал миллиондогон адамдардын каргышына кабылган пенде. Жалпы элдин каргышынан кинтип кутулат.

* * *

Кичинеден чоң башталат, ал чоңоюп отуруп кенен ааламга айланат.

* * *

Кээ бир эркектер сүйүүсү жок эле ар кандай ургаачылар менен байланыша берүүгө кызыгат. Андай эркектер аңги жаныбардан эч кандай айырмасы жок.

* * *

Адамдын жан дүйнөсүндө чыныгы адамдык сапаты болбосо, андай пендени адамкерчиликтүү пендеге айлантыш бир топ кыйын.

* * *

Жакшылык менен башталган иш жакшылык менен бүтөөрүн билип жатам, жаманчылык кенен башталган иштин аягы эмне менен бүтөөрүн такыр билбей жатам.

* * *

Эмгек ыйыктын ыйыгы, биз аны менен байлыкка жана жакшылыкка умтулуп, жакырлыктан кутулуп жатабыз.

* * *

Ар бир кышкы түн узун повесть өңдөнөт, бирок суукта эмнени жазганын окуй албай жатабыз. Бирок аны көңүлүбүз окуп эле жаткан сыяктанат.

* * *

Бул жашоодо негизги байлык адам, адам баарын түзөт, курат, оңдойт, керек болсо талкалайт. Бирок ал кандай адам негизги маселе ошондо болуп жатат.

* * *

Жалган сөз ала күүгүмдө түшкөн көлөкө, түн киреери менен көлөкө дайынсыз кабарын бербей жоголот.

* * *

Бизге жакшылык жасап өтүп кеткен адамдардын элеси тирүү, демек алардын иштеген иши көңүлүбүздө өлбөй, тирүү жашап калган.

* * *

Биз ойлогон максатыбыздан аткарылбай калганы чала иштерибиз өтө көп экен. Кел анда ошол иштерди аткарыш үчүн кайра баштан ойлонуп көрөлү!

* * *

Кээде өлүм адамга билинбей, дабыш чыгарбай, кабар бербей жыла басып келет. Бирок адам аны тосуп алууга аргасыз.

* * *

Кубанычтын артынан кайгы келбесин, тескерисинче кайгынын артынан кубаныч келсин.

* * *

«Алам» дегендин ордуна «берем» деген сөз адам үчүн бир кыйла оор. Бирок анын уңгусунда берешендик менен айкөлдүк жатпайбы.

* * *

Баардык улуу ачылыштарды улуу адамдар ачкан. Бирок кээ бир ачылыштарды жөнөкөй адамдар деле жараткан. Анткени жашоо жөнөкөй нерседен куралганын билелик.

* * *

Жааны ойлоп тапкан адам мылтыкты деле ойлоп тапмак, бирок алардын ортосунда кандайдыр бир убакыт керек болгон.

* * *

Согушка даярданган окумуштуулар мылтыкты ойлоп тапкан, кийин адамдарды тез жоготуш үчүн андан дагы

коркунучтуу куралдарды ойлоп таап жатат. Мунун баары тирүү пенделер үчүн кырсык. Анын максаты адамдарды тез жок кылууда турат.

* * *

«Бийликке жетип байыйм», – деген адамдын ой-максаты элдин каалоосунан такыр тетири бурулуп кеткен.

* * *

Улуулук менен акылмандуулуктун чектелген чеги болбойт. Ошол үчүн ал акылмандуулук жана улуулук.

* * *

Көп адамдын бай болгон жакшыбы, же бир адамдын бай болгону жакшыбы? Менимче көп адам бай болсо, алар бир адамды бат эле бай кылып алат.

* * *

Акылдуу ата-эне турганда балдардын тарбиясында өксүк болбойт. Жакшы дыйкан турганда, ал айдаган талаа суудан өксүк болбойт. Кыскасы жакшылык жайнап турганда, адамдын жашоосу өксүк болбойт.

* * *

Бир сүрөтчү мага айтты: «Улуу ойчул жөнүндө сүрөт тарткым келет, кимди тартаарымды билбей жатам», – деди. Мен айттым: «Сен Чынгыз Айтматовду тарт». Ал таң калып: «Кокуй күн мен Чынгыздын улуу ойчул экенин азыр билбедимби», – деп жылмайды.

* * *

Дагы кайталап айтам, ар бир адам үчүн башкы дарыгер

– өзү, андан кийинки дарыгерлер: Врачтар, табыптар, көзү ачыктар жана башкалар.

* * *

Бир адам акылмандан сурап калды: «Адамдар кандай

сапатты жактырат». Акылман: «Кээ бир адам уурулукту,

бекерпоздукту, наадандыкты жактырса, ал эми жер үстүндөгү баардык адамдар чындыкты, акыйкатты, эмгекчилдикти, эрдикти жактырат», – деди.

* * *

Эки адам кетип баратып бири-бирине суроо берди: «Эмне үчүн жер үстүндө акылмандар аз?» Экинчиси: «Жер үстүндөгү баардык адамдар акылман болсо, бизге жакшылык эчак эле келмек».

* * *

Бир адам акылмандан сурады: «Жашоонун түйүнү эмнеде»? Акылман: «Жашоонун сыр-түйүнү элге пайда келтирип, алардын келечегине жакшы жол ачып берүүдө».

* * *

Адамдар акылмандан сурашты: «Жашоонун сыры толук ачылдыбы? Акылман: «Жок жашоонун сырынын бир аз гана бөлүгү ачылды, калган бөлүгү такыр ачыла элек, анткени биз толук бакубат турмушка жете элекпиз».

* * *

Дыйкан күзүндө жерден көп түшүм алып аябай кубанды. Жер эне ага айтты: «Бул кубанычтын баары сенин кайраттуу эмгегиңден болду». Жер эненин сөзүн угуп дыйкан андан бетер кубанды.

* * *

Жашоо жөнүндө ойлоном, жакшы жашап бай болсом деп ойлоном, бирок ошол ойлорума такыр жете элекмин, анда мен эмне жөнүндө ойлонуп келгем.

* * *

Бир адам Куранды деле, Библияны деле казып окуп жатты, бирок эчтеке түшүнбөдү. Ал: «Бул китептерденменин башыма бир нерсе такыр кирбеди, адамдар аны мага такыр түшүнүксүз чар жайыт кылып жазып салыптыр» деп арманданды.

* * *

Адам кыялында көптөгөн максаттарга жете берет. Бирок ал үчүн турмуш чындыгы керек. Турмуш чындыгы ишке ашканда адам кыялга ошондо жетет.

* * *

Караңгы түндө үйдө эалгыз жатам, Жаап жаткан жамгырдын үнүн тыңшап жатам. Жамгырдын үнү менен мезгилдин, жашоонун өтүп жатканын байкап жатам.

* * *

Адырдан ашсам, алыстагы бак шактуу жалгыз кыштагым көрүндү, бара-бара жакындаганда тааныш үйлөр көрүндү. Анан мага тааныш адамдардын элеси көрүндү, бара-бара мага өз үйүмүн карааны көрүнүп, анан үйдөн чыгып жыдмайган ата-энемдин өзү көрүндү.

* * *

Осуят, санат сөздөрдү жазууда мен аны элден алып, кайра эле элге бердим өзүмө бир нерсени менчиктеп алган жокмун. Эгерде кимдир бирөөнүн санат сөздөрү жазганыма кошулуп кетсе, анда мени кечирип койгула! Мен аны билбей калгандырмын. Же мурун угуп, же окуган эместирмин.

* * *

Күн узакбы, же түн узакбы, адам кыйгырганда экөө тең узак, кубанганда экөө тең кыска.

* * *

Сөз кереметин аныкташ үчүн акылмандар, кеменгер ойлорду ойлоп тапкан. Демек акылмандык астыга жол ачканга кеменгер ойлорго умтулган.

* * *

– Адам өз өмүрүн деги көрө алабы?

Акылман:

– 

Өзү түзүп кеткен эмгегинен сөзсүз көрө алат.